Атактуу мушкер Флойд Мейвезер полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуудагы чыгымын төлөйт

Атактуу америкалык мушкер Флойд Мейвезер 25-майда полиция кызматкери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуудагы чыгымын төлөөгө даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жеңилбес мушкер Жорждун жакындарына маркумду акыркы сапарга узаттуудагы чыгымын төлөө үчүн кайрылган. Жорждун жакындары мушкердин бул сунушуна макул болушкан.

Эске салсак, теги африкалык болгон Жорж Флойд жасалма чекти колдонуп, 20 доллар алган деген шек менен полиция тарабынан кармалган. Полиция кызматкерлеринин бири анын моюнун кысып, бул абалда алты мүнөт кармаган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, ал эсин жоготкон. Андан кийин "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилип, тилекке каршы дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Мындан улам АКШда нааразычылык акциясы күч алып, көптөгөн шаарларга коменданттык саат киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakura715
2020-06-02 12:42:49
Чыныгы адамдар
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан