Бүгүн, 2-июнда парламент комитетинде коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору каралууда.
Депутат Асель Кодуранова коррупцияны далилдөө үчүн соттор көз карандысыз болушу керектигин айтты. "Коррупцияны далилдөө кыйын. Азыркы учурда ар кандай саясий процесстер болуп жатат. Коррупцияны далилдөө үчүн соттор көз карандысыз болушу шарт. Соттолгон адам шайлоого катышпашы боюнча нормалар бар. Бирок анын балдары ал үчүн жооп бербеш керек. Менин оюмча, бул туура эмес норма", - дейт ал.