Жогорку Кеңеш комитети коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоорун колдогон жок

Бүгүн, 2-июнда парламент комитетинде коррупция боюнча соттолгондорду жана анын жакындарын депутаттыкка аттанууга тыюу салган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча депутат Тазабек Икрамов коррупция боюнча соттолгон жарандардын Жогорку Кеӊештин депутатына шайлоого катышуусуна тыюу салуу сунушталып жатканын айтты. Ал билдиргендей, бул коррупцияга каршы күрөшүүнүн жакшы методу. "Ошондой эле ошол берене боюнча соттолгондордун жакын туугандары өз талапкерлигин коё алышпайт", - дейт Икрамов.

Айрым депутаттар атасы үчүн балдары жооп бербеши керектигин айтышса, айрымдары ал үчүн соттор көз карандысыз болушу зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мыйзам долбоорун колдогон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан