Хабиб Нурмагомедовдун атасынын абалы дале оор бойдон

Орусиялык белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедовдун абалы оор бойдон. Бул тууралуу "Fight Nights Global" промоутердик компаниясынын жетекчиси Камил Гаджиев орусиялык басылмаларга билдирген.

"Бүгүн Хабибдин жакын адамдарынын бири менен сүйлөштүм. Ал Абдулманап Нурмагомедовдо эч кандай өзгөрүү жок экенин, абалы оор болуп жатканын айтты", - деген Гаджиев.

Буга чейин, 14-майда Хабиб Нурмагомедовдун жакын досу, дагы бир UFC мушкери Ислам Махачев Абдулманап Нурмагомедовдун абалы оор болуп жатканын айткан. Ал эми Орусия президенти Владимир Путин Хабибке атасынын дарылануусу мыкты деңгээлде болорун убада кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан