Москва шаарында зордуктоого шектелген Кыргыз өлкөсүндө туулган жаран кармалды. Маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө май айынын аягында 29 жаштагы аял киши арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучу чала таанышы тарабынан зордукталганы тууралуу айткан.
"Арыздануучу Баткен облусунун тургуну болот. Анын айтымында, чала таанышы ага карата күч колдонуп зордуктаган. Иликтөөдө белгилүү болгондой, зордуктаган жаран бардык иш-аракетин уюлдук телефондун камерасына тарткан. Окуя боюнча министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан шектүү жаранды аныктап, кармоого жана жоопкерчиликке тартууга багытталган чаралар көрүлгөн. Жабырлануучунун арызы Москва облусунун Ногинск шаарынын аймактык ички иштер бөлүмүнүн кылмыштарды жана арыздарды каттоо журналына катталган.
Көрүлгөн аракеттерге ылайык, шектүү делинип Жалал-Абад облусунун 1985-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну кармалды. Ал Орус жарандыгын алганы белгилүү болду.
Бул факты боюнча Орусиянын тергөө комитетинин Ногинск шаары боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Орусиянын Жазык кодексинин 131-беренесинин “б” пунктусунун 2-бөлүгүндө (өмүрүнө коркунуч келтирүү менен зордуктоо) каралган кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран Орусиянын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат", - деп кабарлашты мекемеден.