Чүйдөгү айланма жолдо кичи автобус оодарылып, айдоочу жаракат алды

Чүй облусундагы айланма жолдо кичи автобус жолдон чыгып, оодарылып кетти. Маалыматты облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз өкүлү кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 2-июнда саат 16:15 чамасында Кемин тарапта орун алды.

"Бишкекке келе жаткан айдоочу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, кичи автобус оодарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен айдоочу денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди. Кичи автобустун ичинде айдоочудан башка жүргүнчү болгон эмес", - деп кабарлашты мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан