УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

Жакыпбек Байымбетов УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулганын президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

"Байымбетов Жакыпбек Мамадыевич Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду. Кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу чечимди Жакыпбек Байымбетов ден соолугуна байланыштуу кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан