Жалал-Абадда жол тандабас жол кырсыгын жаратып, 3 киши жаракат алды

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында жол тандабас жол кырсыгын жаратты. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз өкүлү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 1-июнда саат 00:30 чамасында шаардагы Темир-Жол көчөсүндө орун алган.

"Анда 1988-жылы туулган Н.К. Лексус-470 унаасын башкарып келе жатып, жолдун четинде токтоп турган Лексус-470 (унаалардын үлгүлөрү окшош) унаасын сүзүп кеткен. Токтоп турган жол тандабастын айдоочусу 1984-жылы туулган А.Ш. аттуу жаран экени аныкталды.

Кырсыктын кесепетинен токтоп турган жол тандабас ордунан сүрүлүп, алдыда турган 3 жаранды сүзгөн. Андан кийин Лексус-470 унаасы жолдун четинде токтоп турган Дэу Матиз унаасын сүзүп барып токтогон. Денесинен жаракат алган жергиликтүү тургундар Шамалды-Сай аймактык ооруканасына жеткирилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2020-06-02 23:50:55
Машина айдаганды билсе айдабайбы, акшыңдашып, машинага жалко болуп кетет кээде!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан