Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек Алышбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Ага ылайык, Алышбаев башка кызматка которулган.
"Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрук менен Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 47-беренесине ылайык, ошондой эле башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Алышбаев Калыбек Кеңешович ээлеген кызматынан бошотулду", - деп жазылат анда.