АКШдагы нааразычылык акциясынан улам орун алган баш аламандыктан UFC уюмунун мушкери Белал Мухаммаддын атасынын дүкөнү талкаланган. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Атаңдын 15 жылдан бери үй-бүлөсүн багып келе жаткан дүкөнүн, жакындарыңдын жана досторуңдун ишканаларын тоноп, талкалап жатканын көрүү абдан өкүнүчтүү. Эгер талап-тоногондор мага жолугуп калса, ооруканага барасыңар деп убада берем", - деп жазган мушкер.
Белал Мухаммад өзүнүн карьерасында жалпы 19 беттеш өткөрүп, анын 16сында жеңүүчү аталса, 3 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.