"Сезон башталганга чейин калыбыма келем". Ак шумкарлардын оюнчусу Мирлан Мурзаевге операция жасалды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жана бишкектик "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаевге операция жасалды. Бул маалыматты SUPER.KG порталына "Дордой" клубунун басма сөз кызматкери Тенгелбес Мусаев тастыктады.

Маалыматка ылайык, клубдун чабуулчусуна жасалган операция ийгиликтүү өткөн. Футболчунун алты айдан бери ооруп жүргөн тизесине операция жасалган.

"Мен өзүмдү жакшы сезип жатам. Операция ийгиликтүү аяктады. Сезон кайрадан башталганга чейин калыбыма келем деп үмүттөнөм. Клубдун жетекчилигине көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн чоң рахмат", - деген футболчу.

Эскерте кетсек, Мирлан Мурзаев "Дордой" клубунун негизги оюнчуларынын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sakura715
2020-06-03 20:07:59
Батыраак жакшы болуп кетсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан