Депутат: "ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери өтө бай"

"Чет өлкөлүктөр менен иштешкен ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери коррупцияга аралашышат", - деп бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, аталган бөлүмдүн кызматкерлери кытайлык компанияларды текшергенде жана чет өлкөлүк студенттерден акча талап кылат. "Чет өлкөлүк студенттер милиция кызматкеринин үстүнөн арыздангандан коркушат экен. 10-бөлүмдүн кызматкерлери өтө бай. Бизге фактыларды чет өлкөлүктөр айтышат, бирок арыздангандан коркушат", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан