Жалал-Абадда сел жүрүп, ички чарбалык көпүрөнү агызып кетти

Бүгүн, 3-июнда республиканын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаап, сел жүрдү. Алсак, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, 1 ички чарбалык көпүрөнү агызып кетти. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган райондун Сары-Булуң айылдык аймагына караштуу Кара-Суу айылында саат 18:50 чамасында жамгыр катуу жаап, сел жүрдү. Анын кесепетинен 1 ички чарбалык көпүрө агып, 8 турак үйдүн короосун суу каптады.

Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук комиссия жеринде иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан