Бишкекте алдамчылыкка шектелип, 60 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын июль айында 51 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылып, шектүү аял Ак-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин алып берем деп 3 миң доллар алганын, бирок ал убадасын аткарбай акчаны да берген эместиги жазылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "алдамчылык" боюнча тергөө иштери башталган.
"Сокулук РИИБинин кызматкерлери шектүү катары 60 жаштагы аялды кармашкан. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө. Шектүүдөн жабыркагандар 0 312 60-75-67; 0 508 88-82-00; 0709 75-00-05 телефон номерлери аркылуу кайрылса болот", - деп жазылат маалыматта.