Депутат биринчи вице-премьерди чакырып, өзбек өкмөт башчысы менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу маалыматын угууну сунуштады

Депутат Закир Шарапов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду чакырып, өзбек премьер-министри Абдулла Арипов менен болгон сүйлөшүүсү тууралуу маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал коомчулукта бул боюнча терс пикирлер айтылып жатканын айтты. Бул сунушту депутат Таабалды Тиллаев дагы колдоду. Жыйынтыгында бүгүн чек ара маселеси карала турган болду. Анда өкмөттүн маалыматы угулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан