Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибинен "Кант" авиабазасы тууралуу мыйзам долбоору алынды. Кечээ бул маселе жыйындын күн тартибине коюлган.
Буга чейин коомчулукта "Кант" авиабазасы же болбосо анын жер тилкеси сатылганы жатыптыр" деген сөздөр айтылган.
Бул боюнча депутат Исхак Пирматов төгүндөп, 9-июнда бул мыйзам долбоору карала турганын айткан. Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги дагы маалымат таратып, бул калп экенин билдиришкен.
Бүгүн Ак Үйдүн алдында "Кант" авиабазасы боюнча митинг өтмөк.