XIII Ысык-Көл Эл аралык спорт оюндары “Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” деген ураандын алдында өтүүдө. Анда Бишкек шаарынын намысын 400 спортчу коргойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Ысык-Көл оюндарына Кыргызстандан, Казакстандан жана Орусиядан 2 миңден ашуун спортчулар катышат. 12-сентябрда аяктачу мелдештердин расмий ачылышы 5-сентябрда болду.