Караколдо жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген күйөө 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген күйөөгө сот чечим чыгарды. Анда Каракол соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Эсения Рамазанова билдирди.

"Бул жаранга коюлган берене боюнча айыпталуучуга эң минималдуу 12 жыл берилиши керек болчу. Бирок сот 7 жарым жыл берди. Биз соттон 20 жыл сураганбыз. Бул айыпталуучу мурда дагы аялын бычак көтөрүп өлтүрөм дегени үчүн соттолуп, анын эки жылы калган. Бирок сот эмнегедир аларды эске алган жок. Биз эми облустук сотко арыз менен кайрылабыз", - деди жактоочу.

Ал эми Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы бул берене "адам өлтүрүүгө аракеттенүү" болгондуктан максималдуу жазасы 11 жыл 2 айдан ашпай турганы билдирди.

"Сот айыпталуучунун күнөөнү чын дилинен моюнга алганын эске алган", - деп билдирет басма сөз кызматкери.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Окуя 4-январь күнү болгон. Келиндин күйөөсү кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал эми жабырлануучу окуяны мындайча айтып берген.

7-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арыз жазып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
001KG
2020-06-04 11:12:40
Бир жылдан кийин чыгарып ийесиңер аныда!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан