Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна эс алууга барган кызды ала качып кетишкен. Маалыматты облустук милициядан тастыктап, буларды билдирди.
29-май күнү Жети-ϴгүз РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Саруу айылынын 1983-жылы туулган К.Э. аттуу жараны телефон аркылуу билдирүү берген. Анда 28-май түнкү саат 23:00 чамасында Жуку жылуу суунун дачасында эс алып жаткан 1992-жылы туулган О.Г. аттуу кызды үч бала күч колдонуп, унаага салып ала качып кеткени айтылган. Бул факты Жети-ϴгүз РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө 27-май күнү Бишкек шаарынын тургуну, жабырлануучу О.Г. Жети-ϴгүз районунун Саруу айылына караштуу Жуку жылуу суусуна Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылынын тургуну 1966-жылы туулган М.Г. менен эс алууга келишкен. Ошол эле күнү М.Г.нын бир тууган эжеси Жети-ϴгүз районунун Шалба айылынын тургуну М.А. өзүнүн уулу 31 жаштагы уулу М.Н. менен Жуку жылуу суусуна эс алганы барышкан. Ошол жерден кыз менен баланы тааныштырышып, баланын апасы кызды уулуна алып берип, келин кылып алайын деп кыз менен сүйлөшкөн. Кыз ойлонуп көрүүнү айткан.
28-май күнү үйлөнмөкчү болгон бала өзүнүн теңтуш балдары менен Honda Accord унаасы менен кызды күч колдонуп ала качып кетишкен. Бирок кыз отурган эмес. 28-майдан 29-майга караган түнү болжол менен саат 00:00дө Саруу айылынын Жуку жылуу суу дачасына бала кызды жеткирип койгон. 29-май күнү милиция кызматкерлери аталган жерге барып, жабырлануучу кызга карата сурак жүргүзгөн учурда соттук-медициналык экспертизадан жана арыз жазуудан баш тарткан.
Ал эми 31-майда жабырлануучу кыз кайра милицияга арыз менен кайрылган. Учурда арыз каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.