Талас облусуна караштуу Манас районундагы Чеч-Дөбө айылынын Саратай көлүнө 3-июнь күнү саат 15:35 чамасында 2002-жылы туулган эркек бала чөгүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМнын №100 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, РИИБинин 9 кызматкери жана айыл аймактан 35 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында маркумдун жансыз денеси суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Байзак айылынын Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 2005-жылы туулган бала чөгүп кеткен. ӨКМнын №43 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары баланын жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 3-июнь күнү саат 20:36 чамасында Кара-Жыгач айыл аймагынын Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 1951-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. ӨКМнын №70 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бул маалыматтарды ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.