"Акрам Мадумаров вице-премьерликке келгенде колдодум эле, менин катыма жөнөткөн жообун көрүп жаңылышканымды түшүндүм" дейт депутат

Депутат Улугбек Ормонов Акрам Мадумаров вице-премьер-министр кызматына келгенин колдогонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акрам Мадумаров мурда Баткенде өкмөттүн өкүлү болуп иштеп, чек ара көйгөйүн жакшы билет деген ишеним менен аны вице-премьер-министрлик кызматына келишин колдогом. Бирок мага келген каттын жообуна карап олтуруп, жаңылганыма өкүнүп жатам.

Өкмөттүн отчёту каралып, бюджетке өзгөртүүлөр киргизилип жаткан учурда мен Кызыл-Туу өткөрмө жайына байланыштуу сунуш бергем. Анткени ал жерден сырьё гана өтөт. Аталган жай боюнча эки жыл иш жүргөн. Бардык мекеме жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйындан соң өткөрмө жайын ачуу максаткы ылайыктуу деп табылып, бүт чыгымы жеке ишкерлерге жүктөлгөн. Эми ошол өткөрмө жайды экономикалык каатчылык маалында ачып койгула десек, Акрам Мадумаровдон түшүнүксүз жооп келип, анда бюджеттен көп каржы талап кылынары жазылыптыр. Вице-премьер-министр мурдагы жасалган иштерди карап туруп жооп жаза албайбы деген суроо туулду",
- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан