Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Парламентаризм күнү менен куттуктады. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда парламенттин жыйынында билдирди.
"Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иши да түрдүү чакырыктар менен коштолуп, ишмердүүлүгүбүздүн алкагында бир катар оор маселелер каралды. Биргелешкен аракетибиздин арты менен көп жылдан бери аткарылбай келген ар кандай долбоорлорду ишке ашырдык. Калктын социалдык абалын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлору кабыл алынып, жогорку кызматтагы адамдардын катышуусунда жасалган ири коррупциялык иштердин бети ачылды. Биздин чакырылыштын акыркы сессиясы да коронавирус пандемиясына байланыштуу оор шартта өтүүдө. Андыктан каатчылыкка каршы чараларды күчөтүү аркылуу калкка жана экономикага колдоо көрсөтүү багытында Жогорку Кеңеш тарабынан туура, ишенимдүү жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышы өтө маанилүү.
Коомубуздун келечеги биздин алгылыктуу аракетибизден, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин ортосундагы өз ара тыгыз байланыштын негизинде кабыл алынган чечимдерден көз каранды. Биргеликте азыркы оор кырдаалды ийгиликтүү жеңип чыгарыбызга ишенем", - деди ал.