Кой-Таш окуясына айыпталып кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган саясатчы, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин реформалоо зарылдыгы турганын билдирди.
Саясатчынын билдирүүсүнө ылайык, аталган комитетке парламенттик катуу көзөмөл дагы керек. Жээнбеков өзүнүн коомчулукка жасаган кайрылуусунда Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганына 3 жыл болгонун белгилеген.
"Өлкөдөгү жакырчылык, бизнес жүргүзүүгө шарттын жоктугу, мектеп жана ооруканалардагы көйгөйлөр, соттогу мыйзамсыздык анын президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин улантылат. Парламенттин VII чакырылышынын мөөнөтүндө - 2020-2025-жылдарга 2 оор процесстер туш болот. Биринчиси Кыргыз өлкөсүнүн антикризистик планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. Экинчиси, 2023-жылдагы кийинки президентти шайлоо. Мындан улам бийликтин салмаксыз, куру убада, демилгелер менен элдин көңүлүн буруп убакытты созгон, чыныгы көйгөйлөрдөн аттап өткөн парламентти топтоо ниети белгилүү болуп турат.
Оор кризистик абалда бийлик көйгөйдү коомчулук менен чогуу жалпы масштабда чечүү аракетин көргөндүн ордуна адамдын укугун, эркиндигин басып, бийлик менен макул эместерди куугунтуктай баштады", - деп жазат ал.
Ошондой эле кайрылуусунда куугунтукка саясатчылар гана эмес, жарандык, медиа активисттери, укук коргоочулар да туш болуп жатат деп белгилеген.
"Чалгындоо иштерине жоопкерчиликтүү УКМК бийликке эч кандай тиешеси жок болгон укук коргоочулардан душмандыкты издей баштады.
УКМК реформаланышы керек, парламенттик катуу көзөмөл зарыл. Саясий иштер, экономикалык кылмыштуулук жана тергөөнү УКМКдан бөлүү кажет. Реформа УКМКнын негизги милдети болгон чалгындоо жана каршы чалгындоо иштерин гана эмес, буга чейин бүтпөй келе жаткан чек ара чырларынын чечилишин жеңилдеткенден тартып, экономикалык өсүштүн жакшырышына чейин таасир берет.
Коомчулук мультипликативдик эффект бере турган системдүү реформаны талап кылып, алдыга карай маанилүү кадам таштады. Жаңы саясий маданияттын маанилүү белгиси - демократиялык саясатчылар жана прогрессивдүү атуулдар укук жана эркиндикти күч колдонулган ыкмаларсыз коргоп, провокацияларга жол бербегенинде", - деген Равшан Жээнбеков.