Чүй облусунун Сокулук районунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 4-июнда 13:00дө болгон.
"Жүк ташыган унаа Бишкекке бара жаткан учурда карама-каршы багыттагы жеңил унаа менен сүзүшкөн. Айрым маалыматтарга караганда жабыркагандар бар. Жеринде кызматкерлер иштеп жатышат", - деди басма сөз кызматынан.