Ош шаарында мугалимдин жансыз денеси Ош-Араван каналынан табылды

Ош шаарында мугалимдин жансыз денеси Ош-Араван каналынан табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум кечээ, 3-июнь күнү 08:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

"Бүгүн түш чендерде Ош-Араван каналынан 47 жаштагы мугалимдин жансыз денеси табылды. Учурда жансыз денеге кароо жүрүп жатат. Ал Ош мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеп жүргөн. 2016-жылы жылдын мыкты мугалими болгон. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sirenaaaaa
2020-06-05 08:05:53
Бир окучусунун жинине тийип койдубу экен , астагфирАллах
0
souza.j
2020-06-05 08:48:58
Акчанын айынан болду бекен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан