Парламентке өтүү үчүн босого чегин 7 пайызга төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Жалпы 104 депутат каттоодон өтүп, баарысы "макул" деп добуш беришти.
Бул мыйзам долбоору 9 пайыздык босоголук чекти 7 пайызга чейин төмөндөтүүгө багытталган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Талант Мамытов, Өмүрбек Бакиров, Азизбек Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов, Алтынбек Сулайманов, Пархат Тулендыбаев, Самат Гүлнара-Клара, Марлен Маматалиев, Ильхом Маннанов, Нурбек Сыдыгалиев, Эрмамат Тагаев, Рада Туманбаева, Улугбек Ормонов, Калдарбек Баймуратов, Умбеталы Кыдыралиев, Бактыбек Турусбеков, Мирлан Бакиров, Абдыбек Дюшалиев, Зиядин Жамалдинов, Айсулуу Мамашова жана Каныбек Иманалиев.