Кыргыз-Казак чек арасындагы бүгүнкү күндөгү жагдай кыйын. Эки өлкөнүн чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келерин вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Актилек автожол" көзөмөл-өткөрмө жайында өткөн көчмө жыйында билдирди. Маалыматты өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Казакстан менен чектешкен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келүүдө. Абал былтыртан бери начарлап кетти. Бүгүнкү күндө 300-400 унаа көп күндөн бери кезек күтүп турат. Мен жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргыз өлкөсүнө өткөрүү тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң айдоочулар Кыргыз жергесинин аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө", - деди вице-премьер-министр.
Эркин Асрандиев белгилегендей, Кыргыз бийлиги ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.
"Тилекке каршы, союздун ички чек арасында жагдай кыйын. Тышкы чек арага караганда бир кыйла татаал. Биз өткөн жылдан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында коллегияга кайрылып жатабыз, анткени кырдаалды тоскоолдук катары баалайбыз. Ошондой эле бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет. Жакын арада маселе чечилет деп ишенебиз", - деди Асрандиев.