Учурдагы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү "Ливерпуль" клубу Англиядагы эң популярдуу футболдук клуб деп табылды. Бул тууралуу жергиликтүү "YouGov-FootballIndex" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, сурамжылоо учурунда англиялыктардын 8,3 пайызы "Ливерпуль" клубун колдоорун айткан. Экинчи орунга "Манчестер Юнайтед" клубу жайгашса (6 пайыз), үчүнчү орунга лондондук "Челси" клубу жайгашты (3,1 пайыз). Англия Премьер Лигасынын (АПЛ) учурдагы чемпиону "Манчестер Сити" жана "Арсенал" клубдары 4-5-орунду ээлешти (2 пайыз).
Англия Премьер Лигасы 17-июнда башталат.