Азия чемпиону Арсалан Будажапов Орусиянын Бурятия Республикасындагы аз камсыз болгон мекендештерине элден акча чогултуп, азык-түлүк таратты. Бул тууралуу Арсалан өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөгөн.
Маалыматка ылайык, Арсалан Будажапов аз камсыз болгондорго жардам берүү үчүн акча чогултуу тууралуу видео кайрылуу жасаган. Ал элден жалпы 15 миң рублдан ашык акча чогултуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты.
Эске салсак, Арсалан Будажапов быйыл февраль айында Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмакка чейинкилер арасында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, алтын медалга ээ болгон.