Криштиану Роналду дүйнөдөгү биринчи миллиардер футболчу болду

Италиянын "Ювентус" футболдук клубунун жана Португалия курамасынын чабуулчусу, дүйнөлүк футбол жылдызы Криштиану Роналду футбол тарыхындагы алгачкы миллиардер футболчу болду. Бул тууралуу америкалык "Forbes" басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин тапкан акчанын ичинен Роналду 650 миллион долларын маяна катары алса, калганы демөөрчүлүк келишимдерден келип түшкөн. Өткөн жылы португалиялык футболчу жалпы 105 миллион доллар иштеп таап, 2020-жылы эң бай жылдыздардын тизмесинде төртүнчү орунга көтөрүлгөн.

Ошондой эле футболчу 1 миллиард доллар киреше тапкан үчүнчү спортчу болуп калды. Буга чейин мындай ийгиликке гольф оюнчусу Тайгер Вудс жана америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер жетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talaa11
2020-06-05 18:11:43
Бизден дагы ушундай дуйного таанымал спортсмендер чыкса экен
+15
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан