Орусиялык басылмалар Москвада кыргыз келин ай-күнүнө жетпей төрөп, төрөттөн кийин ооруканага жатып калганын жазышууда. Маалыматка ылайык, анын жанында ымыркайы жок болгон.
Ушундай эле маалыматты Орусиянын тергөө комитети да расмий сайтына жазган. Анда 21 жаштагы келин 7 айлык тирүү бала төрөп, аны дароо ваннага толтурулган сууга салып тумчуктуруп өлтүргөнү белгиленген.
"Андан кийин аял аны целлофан баштыкка ороп, таштанды салынган контейнерге ыргытып жиберген. Андан кийин ал медициналык мекемеге кайрылып ымыркайы ара төрөлүп, төрөлгөндө эле жансыз экенин айткан. Анткен менен көптөгөн соттук-медициналык экспертизалардын жыйынтыгында баланын тирүү төрөлгөндүгү аныкталып, келиндин айткандары жокко чыгарылды. Окуя 2-апрелде болгон. Учурда баласын өлтүргөнгө шектүү аял кармалды. Тергөө сотко аны камакка алуу өтүнүчүн жөнөтөт, иликтөө улантылууда", - деп жазылат комитеттин маалыматында.