Бүгүн, 6-сентябрда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Беларусь менен жолдоштук беттеш өткөрөт

Бүгүн, 6-сентябрда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы 2014-жылы Мальдивыда өтүүчү АФКнын чакырык кубогуна даярдануу алкагында Беларусь курама командасы менен беттешет. Беттеш Борисов шаарындагы "Городской" стадионунда Бишкек убактысы менен 22:00 болот. Бул беттешке Кыргызстан курама командасынан төмөнкү оюнчулар чакырылган:

Дарбазачылар - Павел Матяш ("Дордой"), Руслан Амиров ("Абдыш-Ата") Коргоочулар - Курсанбек Шератов, Даврон Аскаров, Адыл Бекболотов, Элайджа Арий ("Дордой"), Валерий Кичин ("Химик", Орусия), Тахир Авчиев ("Абдыш-Ата"), Артур Муладжанов ("Алга").Жарым коргоочулар - Турсунали Рустамов, Каюмжан Шарипов ("Дордой"), Азиз Сыдыков, Жыргалбек уулу Кайрат ("Абдыш-Ата").Чабуулчулар - Ильдар Амиров ("Абдыш-Ата"), Дэвид Тетте ("Дордой"). Башкы машыктыруучу - Сергей Дворянков (Орусия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fanatkg
2013-09-06 17:05:44
Урматтуу админ кайсы каналдан көргөзөт айтып коё аласбы?
0
admin_superstan
2013-09-06 17:26:18
fanatkg, Саламатсызбы!
Тилекке каршы, андай маалымат бизде жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан