Суусамыр өрөөнүндө эки жеңил унаа сүзүшүп, эки адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Кырсык болжол менен кечээ, 5-июнда саат 22:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 186-чакырымында болгон.
"Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу Бишкекке, ал эми Mazda 6 унаасынын айдоочусу карама-каршы багытка кетип бара жаткан. Эки унаа тең жолдон жылкыларды сүзүп, андан кийин кайра өздөрү сүзүшкөн. Натыйжада Mazda 6 унаасынан эки адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.