Бишкекте жол тандабастын айдоочусу күзөтчүнүн кабинасына келип, күзөт кызматкерине кол салган окуянын видеосу Telegram каналдарында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, окуя Токтогул жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Ал эми патрулдук милиция кызматына бул окуя боюнча байланышканыбызда, алар азыр айдоочуга издөө салынганын билдиришти.
"Териштирүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.