Бишкекте жол тандабас унаасынын айдоочусу күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, андан соң кызматкерге кол көтөргөн айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБи айдоочуга "бейбаштык" беренеси менен иш козгогон.
Ал эми Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кармалган айдоочу 30 жашта экенин, анын унаасынан тапанча огу менен жана бычак табылганын кошумчалады.
Айдоочу кечээ, 6-июнда Токмоктогу посттон кызматкерлер тоскондо токтобой кеткен. Анын артынан кууп барып, Кеминден кармашкан.