Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүнөн качып кеткен 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүнү Чүй облусунун кызматкерлери кармаган.
"8-июнь күнү болжол менен саат 00:31 чамасында Аламүдүн районундагы жаңы конуштардын биринде катталган кылмыш ишине чыккан ыкчам тергөө тобу жүргүзгөн иш-аракетинен улам 50 жаштагы шектүү кармалган. Шектүү жаран качып кетүү үчүн каршылык көргөзүп, бирок кызматкерлер тарабынан колго түшүрүлгөн. Учурда кармалган жаран Ленин РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.