"ЕАЭБге киргенде эмнени гана үмүттөнгөн эмеспиз, анын эч нерсеси толук кандуу аткарылбай жатат", - деп бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Улан Примов билдирди.
"Канча күндөн бери күбө болуп жатабыз. Казакстандын чек арасына биздин унаалар кире албай, тоскоолдуктар жаралып жатат. Вице-премьер-министр Казакстанга барды, бирок маселе чечилген жок. Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге байланыштуу документ, ратификация, кандай иштер болбосун так убагында аткарып жатат. Бирок бүгүнкү күнү Кыргыз өлкөсүнө башка мамлекет тарабынан ушундай мамиле болуп жатабы? ЕАЭБдин кандай пайда, зыяны бар? Бул боюнча экономика министрлиги өз оюн билдириши керек", - деди депутат.
Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев биримдиктин алкагында ар кандай маселелер чыгып жатканын айтты. "Биримдикте бирдей укуктуу, бири-бирин тааныган, эркин товарды жүгүртүүнү көздөгөн принцип менен иш алып баруу зарыл. Казакстан менен Кыргыз өлкөсү үчүнчү өлкөдөн кирген товарларды тариздөөдө бири-бирибизге болгон ишенбөөчүлүк болуп жатат", - деди министрдин орун басары.