"Кыргызстан" фракциясынан дагы бир депутат мандатын тапшырат. Ал парламенттик шайлоого карата даярдык көрөт

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Руслан Чойбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков тастыктады.

Анын айтымында, Чойбеков шайлоого даярдык көрүү максатында мандатын тапшыруу чечимин кабыл алган. Чойбековдун ордуна Замир Эсенаманов деген талапкер келет.

Руслан Чойбеков 2018-жылы Казакстанда кармалган Дамирбек Асылбек уулунун ордуна депутат болуп келген.

Өткөн айда аталган фракциядан Алмазбек Эргешов жана Жаныбек Исаев депутаттык мандаттарын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан