Депутат Садык Шер-Нияз КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо өнөктүгүндө ар-намыс менен иштөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Шайлоо өнөктүгүндө КТРК негизги ролду аткарат. Шайлоо учурунда маданиятыбызга жат, ыплас оюндар жүрөт. Ошол шайлоо өнөктүгүндө сиздер ар-намысыңыздар менен иштеп берүүңүздөрдү суранат элем. Бирөөгө көө жабуудан ошол инсандын башка жолун, үй-бүлөсү бар экенин ойлосок, ушул принциптерди кармап иштеп берсеңер шайлоо өнөктүгү таза болот", - дейт депутат.
Учурда Жогорку Кеңештин комитетинде КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралууда.