Парламент комитетинде ЕАЭБдин аймагына ташылып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндөгү макулдашуу колдоо тапты

Бүгүн, 8-июнда парламент комитетинде ЕАЭБдин аймагына ташылып келинген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндөгү макулдашуу каралды.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиевдин айтымында, механизмдин негизинде ЕАЭБге мүчө болгон ар бир өлкөдө маалымат системин түзүү жолу менен товарлар документалдуу эсепке алынат. "Мындай мүмкүнчүлүк товарларды коштоп келген документтерден байкоого алууга зарыл болгон маалыматтардын бирдиктүү базасын түзөт. Макулдашуу бажы жана салык төлөмдөрү менен эсептешүүдөн качуунун ар кандай схемаларын жокко чыгарууга шарт түзүүгө багытталган", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан