Президент менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу талкуулашты

Бүгүн, 8-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик мүлктү башкаруу системинин абалы жана аны санариптештирүүнүн жүрүшү талкууланды.

Жылдызбек Исакулов мамлекеттик мүлктү башкаруу процесстерин санариптештирүү алкагында мамлекеттин үлүшү болгон мамлекеттик ишканалар менен акционердик компаниялардын отчёттуулук жол-жоболорун автоматташтыруу жүргүзүлгөнүн маалымдады. Атап айтканда, фонддун жаңыртылган сайтында улутташтырылган объектилер, мамлекеттик акционердик коомдор жана ишканалар - тигил же бул жетекчинин ишмердүүлүгүн ачык баалоого өбөлгө болуучу кирешелер, чыгашалар, түшкөн пайдалар жөнүндө толук маалыматтар жайгаштырылган. Порталдын жардамы менен каалаган жаран мамлекеттик компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу тууралуу, анын азыркы таптагы макамы жана башка иштери боюнча маалымат алса болот.

Ошондой эле Жылдызбек Исакулов "Акционердик борбор" мекемесинин түзүлүшү, мүлктөрдү онлайн ижарага берүү боюнча соодалашууну өткөрүү аркылуу республикалык бюджетке түшкөн каражаттарды эселеп көбөйтүүгө жетишилгендигин белгиледи. 2015-жылга салыштырмалуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер дээрлик үч эсеге көбөйдү. Ушул жылы мамлекеттик ишканалардын таза пайдасы 550 миллион сомду түзөрү күтүлүүдө. Бул башта бекитилген пландан 50 миллион сомго ашыкча.

Ал бүгүнкү күндө 33 акционердик коом менен 104 мамлекеттик ишкананын отчётторун электрондук форматка которуу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Алардын бардык каржылык-экономикалык ишмердүүлүктөрү фонддун сайтында жеткиликтүү болот.

Мындан сырткары мамлекеттик мүлктөрдү инвентаризациялоо боюнча автоматташтыруу процесси улантылып жатат. Бул этапта мамлекеттик мүлктүн миңден ашуун объектисин инвентаризациялоо пландаштырылууда.

ММБФ төрагасы санариптештирүү боюнча иштер фонддун ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулукту камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи.

Президент мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн "Бирдиктүү терезе" принциби киргизилиши керектигин белгиледи.

Мамлекеттик компаниялардын жетекчилери заманбап санарип технологияларды киргизүү жана "Түндүк" тутумуна кошулуу менен ишмердүүлүктү оптималдаштыруу жана сапатын көтөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушу керек.

Мамлекет башчысы мамлекеттик компаниялардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүсүн автоматташтыруу алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын арттырууга өбөлгө болорун белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле кризистик абалды эске алуу менен мамлекеттик мүлктөрдүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү боюнча иш алпаруу, менчиктештирүү менен катар эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, инвестициялык ижара, мүлктөрдү ишенимдүү башкаруу жана башка функцияларын аутсорсингге берүү механизмдерин киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан