Нарында жигит жамбашка бычак жеп, ооруканага түштү

Нарында жигит жамбашка бычак жеп, ооруканага түштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"7-июнь күнү 1992-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну Ж.А. арыз менен кайрылган. Арызда 7-июнь күнү саат 17:30 чамасында өз ара чыккан чыр-чатактан улам бейтааныш үч адам эски "ЖБИ"нин аймагынан аны сабап, денесине жаракат келтиришкен, андан соң ашкана бычагы менен сол жамбашка бир жолу сайып жиберген.

Натыйжада Ж.А. алган жарааты менен Нарын облустук ооруканасынын сынык, жаракат бөлүмүнө жаткырылып, бүгүнкү күндө дарыланууда. Аталган окуя Нарын ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып "ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү" менен кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pchelka85
2020-06-08 21:55:16
Жамбашка бычак "жегени" жакшы экен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан