Талас шаардык мэриясынын кызматкери пара алып жаткан учурунда кармалды. Маалыматты бүгүн, 9-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, аталган мекеменин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 4-июнь күнү Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-жылы туулган Ш. уулу К. пара алып жаткан жеринен кармалды.
"Кармалган кызматкер муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Кармалган жаран Талас ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.