Шайлоого даярдыкты "Кыргызстан" фракциясы мандат тапшыруу менен баштадыбы? Акыркы учурда депутаттыктан кетип жаткандардын тизмеси

Быйыл Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү соңуна чыгат. Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ушул айдын аягында депутаттар каникулга таркашат. Депутаттык мөөнөтүнүн бүтөрүнө аз калганда бир топ эл өкүлдөрү мандаттарын тапшырып жатышат.

Шайлоого даярдык көрөбүз деген себеп менен май айынын ортосунда "Кыргызстан" фракциясынан депутаттар Алмазбек Эргешов жана Жаныбек Исаев мандаттарын тапшыруу чечимин кабыл алышкан. Алардын ордуна Жаныбек Жоробаев жана Шаршенбек Абдыкеримов депутат болуп келишти.

Бул эки депутаттын мандат тапшырышы коомчулукта сын-пикирди жараткан. Шаршенбек Абдыкеримов депутат болуп келем дегени үчүн булар мандаттарын тапшырганы айтылган. Бирок аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков бул маалыматты төгүндөп, Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев шайлоого даярдык көрүү максатында мандаттарын тапшырганын айткан.

Ал эми 21-майда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев парламенттин ишине нааразы болуп, мандатын тапшыра турганын айткан. Ал оор абалга жеткирген бийликтин катарында ал дагы турарын айтып, мандатын тапшыра турганын билдирген. "Бир нече жолу депутат болуп иштеп, Жогорку Кеңешке карата айтылган сын-пикирлерди мынчалык уга элекмин. Ага өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүз себепкер", - деген ал.

Масалиев парламентте, өкмөттө бардык депутаттарга бирдей мамиле болбой жатканын билдирген. "5 депутат декабрда парламентке өтүү үчүн босого чегин 5 пайызга түшүрүүнү, күрөөнүн суммасын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун алып чыкканбыз. Бирок ал мыйзам долбоору ар кандай шылтоо менен 6 ай кармалып, эки күн мурда комитетте каралып, колдоо тапкан жок", - деди депутат. Анын ордуна Нургазы Айдаров депутат болуп келген.

Кечээ, 8-июнда "Кыргызстан" фракциясынан дагы бир депутат Руслан Чойбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арызын тапшырганы белгилүү болгон. Ал дагы шайлоого даярдык көрө турганы айткан. Чойбековдун ордуна Замир Эсенаманов талапкер болуп келет.

Ал эми бүгүн, 9-июнда ушул эле фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылганын айтты. "Кыргызстан" партиясынан Бейшеналы Нурдинов деген талапкер Бишкек шаарынан партияга чоң добуш алып берген. Мурда ал кишиге "тизме боюнча кезегиңиз келсе, мен мандатымды тапшырайын" деп айткам. Шайлоого деле аз калды. Даярдык көрөйүн деп жатам", - деди Баатырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан