Депутат Кыргыз-Казак чек арасындагы абал боюнча маселени көтөрдү

Депутат Каныбек Иманалиев Кыргыз-Казак чек арасындагы абал боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

"ЕАЭБ алкагында сүйлөшүүлөр кандай болуп жатат? Казакстандын чек арасында биздин 390 унаа өтө албай турат. Ушул боюнча жооп берсеңиздер", - деди депутат.

Экономика министри Санжар Муканбетов бул боюнча Кыргыз-Казак вице-премьер-министрлердин катышуусунда жолугушуу болгонун айтты. "Ошондо бүт маселелер каралып жатты. Бүгүн Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйыны болот. Бул боюнча чечим кабыл алынышы керек. Бүгүн маселе чечилет деп ишенебиз", - дейт министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан