Бүгүн, 9-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү маселелерин талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшүүдө Кыргыз өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу, атап айтканда, тиешелүү гуманитардык жардам бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Мамлекет башчылары эки жактуу жана регионалдык кызматташууну, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатууну активдештирүүнүн маанисин белгилешти.
Сооронбай Жээнбеков менен Хасан Рухани маселелердин бардык чөйрөсү боюнча Кыргыз мамлекети менен Ирандын ортосундагы жемиштүү кызматташуунун улантылышына кызыкдар экенин билдиришти.