10-11-июнь күндөрү мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусунда болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Ага ылайык, иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына барат. Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл коёт.
"Президент иш сапарынын алкагында Ош облусундагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле өнөр жай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат", - деп жазылат маалыматта.