"Газпромнефть" май куюучу тармагы Кыргызстанда автомобилисттер үчүн жаңы мобилдик тиркемесин ишке киргизет

Тармактын кардарлары эми онлайн-режимде эле күйүүчү майдын баасын билип, жакынкы жердеги станциянын болжолун көрүп, лоялдуулук картасынан бонустук балансты текшерип жана "Газпромнефть" май куюучу жайларынан пайдалуу сунуштардан кабардар боло алат.

"АЗС Газпромнефть Кыргызстан" жаңы тиркемеси Android үчүн да, iOS платформасы үчүн да жеткиликтүү. Анын жардамы менен автомобилисттер ыңгайлуу жана пайдалуу кызматтарга ээ боло алышат:

* "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасынын катышуучусунун жеке кабинети жана бонустук картасындагы баланска, макамына байкоо салуу;

* Бонустук картасын тиркеменин жеке кабинетине туташтырган лоялдуулук программасынын катышуучуларынын АЗСтен күйүүчү май сатып алганынын бардык таржымалы;

* Күйүүчү майдын бардык түрүнө болгон актуалдуу баалар жана ар бир станция көрсөткөн кызматтардын толук топтому;

* АЗСтен Кыргызстанда жана башка региондордо иштей турган офлайн-карта;

* Ар түрдүү навигациялык системдер менен туруктуу иштешүү жана эң жакынкы АЗСке жетүү жолдорун дароо билүү мүмкүнчүлүгү;

* Бир баскыч менен эле атайын баракчадан ачса боло турган акциялар жана атайын сунуштар.

"Газпром нефть Азия" компаниясынын башкы директорунун чекене сатуу боюнча орун басары Алишер Жолчиев: "Газпромнефть" АЗС тармактары ар дайым кардарлары менен сапаттуу жана кайтарымдуу байланышта болууну, заманбап маалыматтык технологияларды колдонууну максат кылат. Мындан улам тиркемеге компаниянын май куюучу жайларындагы тейлөөнүн сапатын баалоо боюнча кызмат кошумчаланды. Кардарлар электрондук билдирүүлөрүн жөнөтсө болот, ал каттар ыкчам түрдө тиешелүү адистерге келип түшөт. Компания тиркемени байма-бай жаңылап, анын кызматтарын кеңейтип, колдонуучулар үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болушун ишке ашырууну пландаган".

Маалымат үчүн:

«АЗС Газпромнефть Кыргызстан» ишканасынын кроссплатформалык мобилдик тиркемесин Google Play жана App Store'дон жүктөп алса болот.

"Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасынын катышуучусу жеке кабинетине кирүү үчүн «Газпромнефть-бонус» сайтындагы жеке кабинетине киргенде колдонгон лоялдуулук картасынын номери менен паролун тиркемеге жазышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан