Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде мас абалда унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган орусиялык актёр Михаил Ефремов үй камагына алынды. Орус басылмаларынын маалыматы боюнча, Таганск райондук соту актёрду 2 айга үй камагына алуу чечимин чыгарды.
8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.
Кырсыктан кийин дайындалган тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анда Ефремов аябай мас болгону тастыкталган.