Баткен шаарында жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетон тосмону сүзүп, каза болду. Дагы бир жаран жаракат алды деп кабарлашты ӨКМнын басма сөз кызматынан.
"Жол кырсыгы 10-июнда түнкү саат 02:38де Нургазыев жана Садыков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда Жигули үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1983-жылы туулган аял жабыркаган.
Куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган аял "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти мекемеден.